Пайдалуу маалыматтар

Окуучуларга пайдалуу кеңештер.

Сен элге, адамга, адамзатка эмнени берсең, сенин чыныгы байлыгың ошол, кийин ошону “аласың”. Биздин жашообуздагы жаман-жакшы окуяларга өзүбүз жоопкерчиликтүүбүз. Ички дүйнөбүздө тынчтык менен гармония түзүү, жакшы ойду ойлоо менен адамдарды кызыктырып турабыз.

Тескерисинче, бирөөлөрдү капа кылуу, бирөөлөрдү күнөөлөгөн ойлорду ойлоо менен өз ойлоруңуздан азап тартып ички бүлгүнгө түшө берсеңиз, жашооңуз маанисиз болуп, адамдан көңүл калуу көп болот. Бирөөлөрдү күнөөлөгөндөн пайда жок, мындан жашообуз жакшырбайт. Бирөөлөрдү күнөөлөө – алсыздыктын натыйжасы. Адам өзүнө окшоп ой жүгүрткөн адамдарга тартылып турат. Адамдын жашоосу ойдон башталат, ойду өзгөртүүгө болот. Адамды санаага салган көйгөйлөр – анын мурунку ойлорунун натыйжасы. Ойду позитивдештирип машыгуу керек. Жакындарыңарды жакшы көрүш керек, өзүңөрдү (физикалык, рухий денеңерди) да сүйгүлө, андай сүйүүнүн жетишсиздиги — көп оорулардын себеби. Биз ойлорубуз аркылуу организмибизге таасир этебиз. Өз денесин сүйүүгө үйрөтүлгөн адамдар соматикалык көйгөйлөрдөн кутулат. Учурдагы турмуштагы жашообуз – өткөн ойлорубуздун натыйжасы.

Аларга ойду концентрациялагандан пайда жок. Келечегибиз – азыркы ойлорубуздун натыйжасы болот. Ойду өткөнгө топтосо, учурдагы жашообузга энергия жетпей калат. Учурду ойлобой, келечек жөнүндө гана ойлонуп (бак тигип, бала тарбиялап, бирок жашылча, дан өстүрбөй), жашасак кыйын жашоодо калабыз. Япондордо макал бар, «Өткөн мезгил өттү, келечек келе элек, учурдагы мезгил гана бар». Реалдуулук азыр гана бар. Реалдуулук өзүнөн өзү өзгөрбөйт. Биздин жашообуздагы өзгөрүү процесси азыр гана ой, ниет аркылуу жүрөт.

Адам өткөнүн ойлоп, өкүнө берсе, азабы көбөйө берет. 

Бирөөгө сын такпагыла, өзүңөрдү жөнсүз сындабагыла, ал жакшы натыйжа алып келбейт. Башкалар жөнүндө жаман ойлобогула. Негативдүү ойлордун чынжырында калбагыла. Көпчүлүк оорулардын пайда болушуна табият күнөөлүү эмес, коомдун балким күнөөсү болушу мүмкүн, бирок аны күнөөлөгөндөн пайда жок, ага көбүнчө адам өзү күнөөлүү болот. Ал адамдын жашоосу акыл-эстүү эмес уюшулгандыктан, жалкоолуктан, сараңдыктан пайда болот (Н.М. Амосов. Раздумья о здоровье).

Ден соолугуңуз жакшы болуш үчүн ага камкордук көрүү керек. Диетологдор төмөнкүдөй кеңеш беришет:

  1. Ашыкча тамак жебегиле, анда клеткалардын функциясын, жүгүн жеңилдетесиз (артыкбаш иштен бошотосуз), алар тез жаңыланып организмдин ооруга туруштук берүүсүн бекемдейт.
  2. Ар түрдүү рациондогу, витаминдүү азык-заттарды жегиле.
  3. Жемиштерди, жашылчаларды көбүрөөк жегиле, анда витаминдер бар, алар организмдеги калдыктарды (шлактарды) чыгарууга өбөлгө болот.
  4. Таза абага дем алууга чыгып, таза суу ичкиле.
  5. Жумасына бир күнү алма, айран менен азыктанып, организмди эс алдыргыла.
  6. Менюну туура тандоо стресстен кутулууга жардам берет.

Спортсмендердин кеңеши:

  1. Көп кыймылдагыла, сегиз минуттан жогору кыймыл өмүрдү узартат.

Кыймыл аркылуу организмге керексиз заттардан дене бошонот.

  1. Уйкуңарды кандыргыла, бирок көп уктабагыла. 17-18 градус бөлмөдө  уктасаңар күчүңөр калыбына келет.
  2. Жөө жүргөн, лифтсиз жогору көтөрүлгөн пайдалуу.
  3. Эртең менен эрте туруп, физикалык көнүгүү жасап, жуунгула.
  4. Спорттун кыймылдуу (чуркоо, секирүү ж.б.) түрүн тандагыла, анда организм эндорфин гормондорун иштеп чыгарат, аны бакыттын гармону дешет. Сиз өзүңүздү жеңил сезесиз.

Психологдор төмөнкүдөй кеңеш беришет:

  1. Биздин ойлорубуз кандай болсо, жашообуз ошондой болот.
  2. Жакшылык кылбай туруп ыраазычылык күтпөгүлө, жакшылык кылсаңар ыраазычылык угасыңар, ыраазычылык көп уксаңар жашооңор бактылуу болот.
  3. Ийгиликтүү учур менен ыраазычылыкты уккан сөздөрдү эстегиле.

Бактысыз учурду унутканга аракеттенгиле.

  1. Башканы туурабагыла, өзүңөрдүн жакшы сапатыңарды өнүктүргүлө.

Бирөөнүн жакшы сапатын көрө албастык – адептик билимдин жетишсиздигинин натыйжасы, анын арты – кээде түркөйлүк, кээде наадандык. Бирөөнү дайыма туураган өзүнүн инсандык сапатын өлтүрөт.

  1. Позитивдүү (дурус, жагымдуу, пайдалуу, оң, жакшы) ойлорду ойлогула.

Кайраттуу, сергек, тың болгула, көңүлү көтөрүңкү абалда жашаган дурус.

  1. Өзүңөр кызыккан окууну, көңүлүңө жаккан ишти тапкыла.
  2. Сизге жакпаган адамды ойлобогула.

Врач неврологдор адамдын эске тутумун жакшыртуу менен картаюу процессин токтотобуз деген ойдо төмөнкүдөй эсперимент жасаган.Черниканын экстратын (бадал жыгачынын жемишин) картаң келемиштерге берген. Ал эске тутумду жакшыртат экен. Анда флавоноид деген зат бар.

Сабиздин сары-кызыл сортунда, күлгүн картошкада ушул касиет бар деп ырасташат. Эми зыяндуу азык заттар жөнүндө айта кетели. Врач диетологдордун пикирине караганда: консервант кошулган, газдалган таттуу ичимдиктер (пепси, кока кола, спрайт ж.б.) картөшкөнүн чипцысы, өзгөчө бузулган картөшкөдөн өндүрүштө өзгөчө даам берүүчү заттар кошулуп жасалган азыкзаттар, таттуу батончиктер, химиялык заттар кошулган, анын калориялуулугу жогору (аны балдар улам жегиси келе берет), сосиска, сарделька, кайнатма колбаса, паштет ж.б. Алардын курамында чочконун салосу, териси, ичеги карыны, ич май 40% түзөт, даам берүүчү зат кошулат. Чет өлкөдөн келген тооктун саны (окорочка) да зыяндуу дешет, анткени тоокторго гармондорду берип багышат, гармондор санына чогулат экен.