Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр)!

 Мектеп балдарды 1-класска окутуу үчүн ата-энелерден арыздарды кабыл ала баштайт. Балдарды мектепке кабыл алуу аймактык бекитүү менен (билим берүү мекемесине бекитилген аймакта жашаган) жүргүзүлөт. Мектепке кабыл алуу  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук кабыл алуу” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу гана ишке ашырылат.

 Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2022-жылдын 11-апрелинен тартып аймакта жашаган жарандар үчүн Биринчи класска кируу учун темендегу документтерди беруу керек:

  ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мектеп жетекчисинин атына жазылган арыздары;

• белгиленген формадагы медициналык карта (Ф-26, Ф-63);

• туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү;

• ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) паспортторунун көчүрмөлөрү;

• баланын жашаган жерин белгилеген документ (эгерде баланын иш жүзүндө жашаган жери менен ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) биринин паспортунда көрсөтүлгөн катталган жери дал келбесе);

• мектепке кабыл алуу учурунда ден соолугу тууралуу маалымкат;

3×4 см өлчөмүндөгү сүрөт (4 даана)