Маалыматтык — китепкана кызматы

Китепкананын иштерин уюштуруу

Мектеп китепканасы мектеп администрациясы бекиткен план боюнча иштейт, ал план жалпы мектеп планынын бөлүмдөрүнө таянган.

Мектеп китепканасы — билим берүү процессинин бир бүтүнү. Туура жазууну өнүктүрүүгө, маалымат шыктарга, өзүн-өзү өнүктүрүү жана маданиятка шыктандырууга кошумча болуп, китепкана төмөнкү маселелерди аткарууга милдеттүү:

Мектеп концепциясында жана мектеп программасында калыптанган билим берүү максаттарына көмөктөшөт жана камсыз кылат.

Маалыматты түзүү жана колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн берет: билимди алууга, кыялдарды өнүктүрүү жана түшүнүүгө, ошондой эле ырахат алууга.

Көркөм адабияттагы эң мыкты чыгармаларды, мекен жана анын тарыхы тууралуу адабияттарды пропагандалоо,окуучулардын эки тилде окуусуна өбөлгө түзөт. Окуучулардын эмоционалдык өнүгүүсүнө өбөлгө болгон патриоттук, маданияттык жана социалдык акыл-эсине таасир берүүчү иш-чараларлы уюштуруу.

Мектептин маселелерин ишке ашыруу алкагында окуучулар, мугалимдер, администрация жана ата-энелер менен иш алып баруу.

Китепкананын фонду

Китепкананын жалпы фонду 4955 даана

Окуу китептер фонду 1701 даана

Усулдук методикалык колдонмолор фонду 205 даана

Көркөм адабиятынын фонду 3049 даананы түзөт.

Кыргыз тилиндеги адабият башка текчеде орун алган. Алар рубрикалар боюнча жайгпштырылган: мамлекет жөнүндө(Кыргыз Республикасынын символикалары,туу, герб, гимн). Тарых, адабият , искусство.

“ Бирге окуйбуз” проектинин алкагында башталгыч класстын окуучуларынын окуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында,кыргыз тилинде жана орус тилиндеги китептер эл аралык өнүгүү тарабынан берилген.

Адабий жана тармактар боюнча адабияттар окурмандарга жеткиликтүү жерде жайгаштырылган.

Китептерди жайгаштыруу мектеп китепканасынын талаптарына ылайык жайгаштарылган.

Поэзия, орус адабияты алфавиттик тартипте коюлган.

Башталгыч класстардын окуучулары үчүн адабияттар тематика боюнча бөлүштүрүлүп коюлган.

“Жомоктор”, “Жаратылыш жөнүндө”, “Баарын билгим келет” ж.б

Баалуу адабият (энциклопедия, сөздүк сурамжылоо) окуу залында башка текчеде жыйылган.

Окуу китептердин фонду башка бөлмөдө жайгаштырылган. Окуу китептери класстар боюнча жайгаштырылган.

Окуу фонду мамлекет эсебинен жана ата- энелер фондунан калыптанат.

Окуу жылынын башында жана аягында график боюнча класстарга окуу китептерин берүү жана кайра өткөзүү иштери жүргүзүлөт.

Жаңы окуу китептердин түшүшүнө жараша , эски китептерди эсептен чыгаруу жана картотеканы толуктоо иштери жүргүзүлүп турат.

Негизги көзөмөл көрсөткүчтөрү

Окурмандар-

Анын ичинде:

1-4 кл     – 117

5-9 кл      – 41

10-11 кл   – 12

Окурмандар менен иштердин мазмуну жана  уюштуруу

Өзгөчө башталгыч класстардын окуучулары активдүү окушат. Башталгыч класстын окуучулары окууга болгон активдүүлүгү класстан тышкаркы иштерге, ошондой эле активдүүлүк ар кандай иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу.