Мектептеги жайкы лагерь

Ак-Бешим айылы Ж.Баласагын атындагы орто мектебинин 2021-2022-окуу жылындагы жайкы “Балалык” лагери боюнча

          Маалымдама.

Мектепте башталгыч класстардын окуучулары үчүн “Балалык” лагеринин ачылышы 13.06.2022-жылы   саат 9:00 до линейка  өтүлдү. Балалык лагерге ар бир класстан  соц.категориядагы таланттуу шыктуу окуучулар катышышты.Лагердин ачылышында “ Балдар эмгегине каршыбыз” маалымат берилип,сүрөт конкурсу өтүлдү. Андан тышкары балдарга  лагердеги коопсуздук эрежелери менен таанышышты.

        Жайкы эс-алуу лагеринин негизги максаты :

-Балдардын ден-соолугун чыңдоо

-Чыгармачылыгын өнүктүрүү

-Баланы өз алдыңчалыкка көнүктүрүү

-Топ менен иштей алуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү

Жайкы лагерде коюлган максаттын баардыгы аткарылды.Балдар үчүн күнүмдүк лагер кызыктуу өттү. Лагерде салттык эмес ар түрдүү тапшырмалар балдардын кызыгуусун арттырды. Окуучулар түрдүү ыкмаларды пайдалануу менен өздөрүнүн чыгармачылык  жөндөмдүүлүүктөрүн ачты. Күнүмдүк программа өзүнө төмөнкүлөрдү камтыды:

-Сүрөт тартуу, өң таңдоо

-табигый материалдарды колдонуу

-Боек менен табигый материалдардан композиция жаратуу

-Мээнин оң жана сол бөлүгүн иштетүү үчүн оюн  көнүгүүлөр ү

-Геометриялык фигуралардан жаныбар, адам,тиричилик буюмдарын чагылдыруу

-Ден-соолугун өнүктүрүүчүлүк гимнастикалар,оюндар

-Викториналык, логикалык, суроо-жооп оюндары

-Сахналаштыруу, саякаттоо

-Көңүл ачуу убактысы

 

24-июнда “Алтын балалык” коштошуу кечеси уюштурулуп, жыйынтыктоочу көргөзмөлөр,  оюндар, жомок сахнасы, ыр-бийлердин коштоосу менен линейка өтүлдү жана мыкты катышуучулар түрдүү номинациялар менен сыйланды.

  • Лагердин эң мыкты катышуучусу деп,  2-а классынын окуучусу-  Шаршекеева Самира  табылды;
  • Эң мыкты сүрөтчү 1-а классынын окуучусу- Камчыбекова Айбийке ;
  • Эң мыкты уюштуруучу деп 3-классынын окуучусу- Омурбеков Алиаскар;
  • Эң шамдагай 4-б классынын окуучусу- Ороч Саржана;
  • Эң мыкты ойчул 2-б классынын окуучусу-Талантбекова Аяна;
  • Эң мыкты кол өнөрчү -Самудинов Нурель деп табылды.

Окуучулар мактоо баракчалары менен сыйланып, баардык катышуучуларга  белектер таратылды.

Лагерди жетектөөчүлөр:

Калыкова М.Ж.

Манапбаева Назира

Мектептеги жайкы лагерь Мектептеги жайкы лагерь Мектептеги жайкы лагерь Мектептеги жайкы лагерь Мектептеги жайкы лагерь

Мектептеги жайкы лагерь