Мектептин тарыхы
Ж.Баласагын атындагы жалпы билим берүү орто мектеби Чүй облусунун, Чүй районунун, Ак-Бешим айылындагы Карачев Ороз №1 көчөсүндө жайгашкан.
Мектеп 1975-1979-жылдары курулуп бүткөн. Ошол эле жылы ишке берилип, алгачкы окуучулар кабыл алынып, мектеп орус акыны А.С.Пушкиндин наамын алган. Мектеп 10 жылдык база менен ачылып, 1 нөөмөттө жүргүзүлгөн.
Мектеп ачылгандан бери эмгектенип, эмгеги сиңген мугалимдер:
- Мааткулов Туратбек
- Абакирова Толкун Дуйшеналиевна
- Мамбеталиева Зина Жумабековна
- Майчиева Сайрагүл Качыкеевна
1992-жылы КР Жогорку кеңешинин токтомунун №1507 чечиминин негизинде А.С.Пушкин атындагы орто мектеби улуу ойчул, филосов Жусуп Баласагын атындагы орто мектеби болуп, мектептин аты өзгөртүлгөн.
1994-жылы Токмок шаардык Билим берүү бөлүмү менен Чүй райондук Билим берүү бөлүмү биригип, мектептерди номерлөө тартибинде Жусуп Баласагын орто мектеби №27-орто мектеби болуп аталган.
2003-жылы Ж.Баласагын атындагы орто мектеби болуп которулган. Учурда Ж.Баласагын атындагы орто мектебинде 23 мугалим эмгектенет, 321 окуучу окуйт.
Педагогикалык жааматта 5 билим берүүнүн мыктысы, 4 Министрликтин грамотасы, 5 ЧТББнын ардак грамотасынын ээлери эмгектенет.
Педагогдор: магистр-3, жогорку билимдүү-16, атайын орто билимдүү-4.